Марал Радиосу

Жылына 80 миңге жакын электромобиль чыгара турган автозавод курулууда

Өлкө башчы Сокулук районунда кытайлык компания менен биргеликте жылына 80 миңге чейин электромобиль чыгара турган автозавод курулуп жатканын Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар эски унааларын жаңы электромобилдерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат..

«Бул завод ишке киргенден кийин абаны булгап жаткан бардык эски унааларды чогултуп, ээлерине 10-15 жылга  электромобилдерди беребиз. Долбоорду ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында ишке ашырабыз», – деди президент.

Ал ошондой эле Жапаров Кыргызстандын аймагынын баарын жашыл экономикага, жашыл энергетикага айландырганга көптөгөн аракеттер жасалып жатканын кошумчалады.