Марал Радиосу

Министр Гүлнара Баатырова ээлеген кызматынан бошотулду

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Анын ордуна Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Гүлнара Баатырова буга чейин саламаттык сактоо министри кызматын да аркалаган.