Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычындагы суу көбөйүүдө

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7-июнга карата 10 млрд куб метрден ашты. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалыматтарында айтылат.

6-июнда көрсөткүч 10,06 млрд куб метр болсо, бүгүн 10,035 миллиард куб метрге чейин көтөрүлдү.

Бүгүн суунун орточо агып келиши секундасына 765 куб метр, агып чыгуусу секундасына 425 м3 түзөт.