Марал Радиосу

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары 10-июнда убактылуу жабылат.

Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы түшүндүргөндөй, чек аранын жабылышы Кытайдагы майрамга байланыштуу.

Көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 11-июнда улантылат.