Марал Радиосу

Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болду

Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп буга чейин Кайрат Осмоналиев иштеген. Ал президенттин башка Жарлыгы менен кызматынан бошотулду.

Максат Мамытканов «Чоң-Казат» саясий партиясын негиздеген. 2020-жылы4-октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо «Чоң-Казат» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

2020-жылы 14-октябрда Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалган. 2021-жылдын февраль айында жаңы министрлер кабинетинин келишине байланыштуу кызматтан бошотулган.

2021-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалган.