Марал Радиосу

Муфтият Курман айт 16-июнда болорун билдирди

2024-жылдагы Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

7-июнь жума күнү Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь ишемби күнү арапа, 16-июнь жекшемби күнү Курман айт майрамы белгиленет.

Былтыр Курман айт 28-июнда майрамдалган.