Марал Радиосу

Мамлекеттик салык кызматына жаңы имарат курулат

Мамлекеттик салык кызматына жаңы имарат курулат. Бүгүн, 7-июнда имараттын курулушуна капсула салынды.

Жети кабаттуу имарат уникалдуу архитектурага ээ болору, бийиктиктен караганда улуттук валюта – сомду символдоштурган «С» тамгасынын жана «салык» сөзүнүн биринчи тамгасынын формасында көрүнөт. Мындан тышкары, имараттын өзү биринин үстүнө тизилген тыйындар болот, бул туруктуулукту билдирет.

Жаңы имаратка Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын, Аналитикалык борбордун, Ситуация борборунун, Дата борборунун жана Ишкерлерди тейлөө борборунун кызматкерлери жайгашат.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүүнү тапшырды. Салык кызматы мамлекеттин негизги өнөктөшү экенин белгиледи.

«Соңку үч жылда салык кызматы акыркы 30 жылда байкалбаган 100 миллиард долларлык тарыхый чекти эки жолу ашып өттү (2021-жылы – 105,7 миллиард сом, 2024-жылы – 232 миллиард сом)» , — деди Жапаров.