«РСК банкынын» аталышы өзгөрүп, «Элдик банк» деп аталды. Буга байланыштуу Улуттук банк анын лицензиясын алмаштырды.
Банк Юстиция министрлигинде кайра каттоо жол-жобосунан өткөрүлдү.
«Элдик банк» мурдагыдай эле мамлекеттин менчигинде турат – акциялардын 100%ы министрлер кабинетине таандык. Банк финансы тармагында 27 жылдан ашуун убакыттан бери иштейт.
Бүгүнкү күндө банктын уставдык капиталы 11 млрд 4 01 млн 483 миң 500 сомду түзөт.