Марал Радиосу

Футболго байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын футбол боюнча курама командаларынын оюну өтөт.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, буга байланыштуу борбор калаада саат 14:00дөн баштап футбол аяктаганга чейин унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.

Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жабылат, Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин жабылат.