Марал Радиосу

7-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

7-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34,

Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,

Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +31…+33 ысык болот.