Марал Радиосу

Саамал сезону быйыл кеч башталды

Жыл сайын Кыргызстанда апрелдин ортосунан июлдун аягына чейин бээнин сүтүн даярдаган эс алуучу жайларда кардарлар көп болот. Соңку жылдары атайын саамал ичкенге ылайыктап шарт түзгөн чакан конок үйлөрдүн да саны өскөн. Бул жылы бээнин сүтүн ичкен сезон кандай өтүүдө? Бээнин сүтү, саамал жана кымыз эмнеси менен айырмаланат? Дарыгерлер анын пайдалуулугу тууралуу эмнелерди айтат? Бул макалада ушул темага токтолобуз.

 Ден-соолукка пайдалуу бээнин сүтү жыл сайын дарыгерлер жана бээ байлаган адамдар тарабынан ичүүгө көп сунушталып келет. Кыргызстанда саамалдын сезону апрелден июнь айына чейин болуп, ушул айларда дарылык касиети жогору деп эсептелет.

Бээнин сүтү адамдын организмине керектүү көптөгөн пайдалуу заттарга жана витаминдерге бай. Тамак-аш баалуулугу жогору болгондуктан, тоюмдуу дагы келет. Жыл өткөн сайын бээнин сүтүн сүйүп ичкен жарандар көбөйүп, атайын бээ байлаган жайлоолорго, санаторийлерге суроо-талап өстү. Саамал сезону бир эле кыргызстандыктардын эле эмес, чет өлкөлүк туристтердин дагы кызыгуусу артырууда.

Өзгөн районунун тургуну Элмира  Райымкулова бир канча жылдан бери саамал бизнесин өздөштүргөн. Ал бээнин сүтүнүн курамы жеген чөбүнөн көз каранды экенин айтып берди.

«Саамал — бул бээнин сүтү. Кымыз менен айырмачылыгы болсо, кымыз ачытылып жасалат. Саамалдын пайдалуу жактары: биринчиден иммунитетти көтөрөт, кан айланууга жакшы жардам берет.  Негизи саамалдын сезону апрелдин жыйырма экисинен июлдун 5-10доруна чейин болот, 2 жарым айдай иштейбиз. Ал эми адамдар эрте жазда, чөптөр жаңы чыгып келе жатканда келишет көбүнчө. Бирок, ар бир сезондун дарылык касиети бар деп айтылат, жаңы чөптүн жана бышкан чөптүн  өзүнүн дарылык касиети бар. Биз жакта ачылганына 8 жыл болуп калды. Орусиядан бери келишет, балдарын жөнөтүшөт, ата-энесин жөнөтүшөт».

Токмок шаарынын тургуну Улан Чубаков да 8 жылдан бери бээ байлайт. Ал бул жылдагы саамал сезону аба-ырайына байланыштуу кечирээк башталганын айтты.

Кымыз менен саамалдын айырмачылыгы бар. Кымыз бул даяр, ачытылган азык. Ал эми саамал деген бээнин сүтү менен кымыздын аралашмасы болуп саналат. Чоң кишилер үчүн ичеги-карындын тазаланышына таасир этет. Саамал менен алектенгениме 8 жыл болуп калды. Аба-ырайына байланыштуу май айынын ондорунда баштадык . Негизинен саамал ичүүгө көбүнчө биздин Кыргызстандан жана Казакстандан келишет”.

Чуңкурчак капчыгайында саамал менен алектенген Бактыгүл айым, бээнин сүтүн ичүүгө Орусиядан да келгендер көп экенин айтат:

“Саамал менен 17 жылдан бер алектенем. Көбүнчө Россиядан, Казахстандан жана биздин кыргыздар келип ичишет. Ден-соолукка пайдалуулугунан иммунитетти көтөрөт, өзүндө микроэлемент, витаминери камтыйт”.

Ал эми илимий жактан караганда, саамалдын пайдасы кандай? Бул тууралуу медицина кызматкерлери эмне дейт?Бул боюнча бизге Медицина илимдеринин доктору, Коомдук саламаттык сактоо Улуттук институнун директору Жаркынбек Касымбеков айтып берди.

“Бээнин сүтү, аял кишинин сүтү менен курамы боюнча, адамга болгон таасири боюнча жакын деп жүрөт. Курамы боюнча тигил же бул белоктордун катышы жагынан чынында эле окшош. Мисалы, 2 эле белок жөнүндө айтчу болсом казеин жана альбумин деген 2 белок бар. Уйдун сүтүндө казеин альбуминден 5 эсе көп. Эненин сүтүндө, бээнин сүтүндө экөө бирдей.  Казеин көп болсо, сүт бат эрийт, бат бузулат ал оор татаал белокко кирет. Анын денеге сиңиши абдан кыйын. Альбомин болсо жөнөкөй белок, сиңиши 98-99% . Организмге берген таасири абдан жакшы. Азыркы бизге белгилүү болгон курамында 40тан ашык биологиялык активдүү составдардан турат. Анын бардыгы адамдарга пайдалуу ферменттер, витаминдер, белоктор, майлар, углеводдорго бай”.

Дарыгер Жаркынбек Касымбеков бээнин сүтүнөн да, кымызда пайдалуу ферменттер көп экенин айтат. Ал кымыздын курамы тууралуу буларга токтолду.

“Тамакты сиңирүүгө катышкан дээрлик бардык ферменттер кымызда болот. Бээнин сүтүнөн дагы кымызда көбүрөөк болот. Кымыз ачыганда аминокислоталар өрчүп, күчөп, болгон организмдеги за алмашууга катышкан ферменттердин дээрлик көбү  кымызда. Боорду тазалайт жана кургак учукка чейин дарылоо касиеттери бар деген, ушундайдан чыгат. Чынында эле боордун калдыгын май басып калганда, оорлошуп, боордун ичиндеги түтүкчөлөрү ар кайсы щеллактарга толуп калганда, щеллактардын баарын ээритип алып чыгууга жардам берген бул — кымыз болуп эсептелет”.

Учурда саамал сунуштаган эс алуучу жайлар, конок үйлөрүнүн баасы эң арзаны киши башына күнүнө 2000 сомдон башталат. Ошондой эле түзүлгөн шарты жана кошумча кызматтарына жараша орточо 2500-4500 сомго чейин кызмат көрсөткөндөр бар. Бул баанын ичине жатакана, 3 маал ысык тамак жана 5 маал саамал ичүү кызматтары кирет.

Даярдагандар: Айчүрөк Модубашева, Кадича Орозбаева

Exit mobile version