Марал Радиосу

Ошто мончодон өрт чыгып, 7 адам жабыркады

Бүгүн, 5-июнь күнү Ош шаарындагы «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:06да куткаруучулар тартылып, өрт өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгени кабарланды.