Марал Радиосу

Тоң районунда суу бассейни (БСР) курула баштады

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда «Үч-Коргон» сезондук жѳнгѳ салуу бассейндин курулушу башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

БСРдин курулушу Тоң дарыясынын вегетациялык эмес агымын жөнгө салуу менен системадагы бардык сугат жерлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Натыйжада райондогу Төрт-Күл, Күн-Чыгыш, Болот Мамбетов жана Тоӊ айыл өкмөттөрүнүн 4113 га сугат жерлерди суу менен камсыздоо жогорулайт. Мындан тышкары, 817 га жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

Курулуш иштерин бүтүрүү 2025-жылдын декабрь айына мерчемделген.

Exit mobile version