Марал Радиосу

Өлкө аймагында жол эрежелерин эскерткен баннерлер орнотулууда

Өлкө аймагында туристтик мезгилге байланыштуу жол эрежелерин эскерткен баннерлер орнотулууда.

Анда айдоочуларды ылдамдыкты ашырбай айдоо, ичип алып унаа башкарууга жол бербөө, өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу сыяктуу чакырыктар бар.

Жалпысынан 90 баннер, 66 LED экран орнотулганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Көпчүлүгү атайын талдоонун негизинде жол кырсыгы көп катталган коопту аймактарга орнотулууда.

Ошондой эле туристтер үчүн ишеним номурларын көрсөткөн эскертме буклеттери даярдалууда.