Марал Радиосу

Байсалов: Кыргызстан тышкы эмгек мигранттарынын санын 300 миң адамга кыскартты

Кыргызстан тышкы эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миң адамга кыскарта алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарында Эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Жильбер Унгбо менен жолугушканда айтты.

Ал Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынан кийинки мезгилде социалдык-экономикалык жактан олуттуу өсүш болгонун, өзгөчө экономиканын өсүү темпи жогорулаганын, жумушчу күчкө болгон суроо-талап жана эмгек акы жогорулаганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан эл аралык эмгек мигранттары үчүн дажагымдуу өлкөгө айланып баратат», — дейт Эдил Байсалов.

Ал ошондой эле иммигранттардын укуктарын коргоого жана эмгектин тийиштүү шарттарын камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, айрыкча өлкө Түштүк Азиядан келгендер көбөйгөнүн айтты.