Марал Радиосу

Индия тарыхында катталган эң каттуу ысык: 50дөн ашуун адам каза болду

Индияда акыркы үч айдагы аптаптын кесепетинен кеминде 56 адам каза болду. Эң көп каза болгондордун май айында катталып, алардын саны 46га жеткен, — деп билдирди жекшемби күнү The Hindustan Times.

Басылманын маалыматында, курман болгондордун эң көбү (14 адам) Индиянын борборундагы Мадхья-Прадеш штатында катталса, Индиянын батышындагы Махараштра штатында 11 адам каза болгон. Катуу ысыктан улам каза болгондор Андхра-Прадеш жана Ражастанда да катталды.

1-марттан бери ысык өткөндүн белгилери менен ооруканаларга 24,8 миң адам кайрылган, анын 19,2 миңи май айына туура келет.

Индиялык метеорологдор соңку үч айдын ичинде 5-7-апрелде Индиянын чыгышында жана түштүк-чыгышында, 15-30-апрелде Индиянын түштүгүндө жана 1-7-майда өлкөнүн чыгышында жогорку нымдуулук менен коштолгон аптап катталганын айтышты.

Өткөн аптада Индиянын метеорологиялык агенттиги өлкө боюнча абсолюттук температура рекордун каттаган. Анда Делидеги термометр 52,9 градуска чейин көтөрүлгөн.