Марал Радиосу

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу алмашты

Максат Тентимишов Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Максат Тентимишов Орусиянын Пермь крайынын, Свердловск, Челябинск, Курган жана Тюмень  облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы башкы консул болуп дайындалды.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу болуп буга чейин Руслан Бийбосунов иштеген.