Марал Радиосу

Балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына балдарды электрондук каттоонун II этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

II этаптын биринки күнү 9 миңден ашык бала катталды. Ал эми 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун I этабында 70 миң 16 бала катталган.

Балдарды биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүрөт.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.