Марал Радиосу

Кыргызстанда үй тибиндеги 138 бала бакча иштөөдө

Кыргызстанда «Өкмөттүк акселераторлор» программасын жайылтуунун алкагында жалпы 138 үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Бишкектин четиндеги конуштарда үй тибиндеги 43 бала бакча мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө. Ош шаарында жана Ош облусунда — 18, Баткен облусунда — 12, Нарын облусунда — 8, Талас облусунда — 8, Чүй облусунда — 24, Ысык-Көлдө — 12 жана Жалал-Абад облусунда — 13 үй тибиндеги бала бакча иштей баштады.