Марал Радиосу

ӨКМ: Төрт облуста сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-июнь күнү түштөн кийин жана 4-июнда туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын болорун эскертти.

Буга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өтүүчү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.