Кыргызгидромет билдиргендей, 4-июнда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28
Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°, күндүз +28…+30° жылуу болот.