Марал Радиосу

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага лицензия утту

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия утту.

2-июнда Таиланддын Бангкок шаарында өткөн акыркы лицензиялык турнирде Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, коло медаль утуп алды.

Ал Италия, Мозамбик, Уругвай, Азербайжандын мушкерлерин жеңип жарым финалга чыккан. 1/2 финалдык беттеште украиналык спортчуга жеңилип, ал эми коло медал үчүн беттеште индиялык мушкерди жеңди. Жалпысынган 57 кг чейинки салмакта үч жолдомо ойнотулган.

Мунарбек Сейитбек уулунун лицензиясы Кыргызстан үчүн эсеп боюнча 15-болуп калды.