Марал Радиосу

«Кыргызтелеком» ишканасынын кызматкери токко урунуп каза болду

«Кыргызтелеком» ишканасынын кызматкери 31-майда Дөң Арык айылында кырсык болуп, каза болду. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Компаниянын жетекчилиги окуя болгон жерге дароо барып, ички иликтөө иштери башталган. Белгиленген тартипте өкмөткө караштуу эмгек инспекциясы менен биргеликте дыкат иликтөө жүргүзүлөрү маалымдалды.

«Каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. «Кыргызтелеком» ААК бардык зарыл болгон колдоолорду жана жардамдарды көрсөтөт» , — деп айтылат маалыматта.

Бир күн мурун Дөң-Арык айылында токко урунган адам энергетик экени маалыматтарда айтылган. Энергетика министрлиги билдиргендей, 31-май күнү саат 15:12де Чүй РЭСине жергиликтүү тургундар телекомдун жыгач мамысында адам илинип турганын айтып чалышкан. РЭСтин ыкчам бригадасы келип, илинип турган адамды жерге түшүрүшкөн.

Ал 1966-жылы туулган Ш.К. аттуу АТСтин телефонисти болгон. Телеком кызматкери телефон линиясын тартуу үчүн мамыга чыгып токко урунган. Ал кызматкер эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес жана Чүй РЭСине маалымат берген эмес.

«Эгерде РЭСке маалымат берилгенде РЭС тарабынан коопсуздук үчүн электр энергиясы өчүрүлмөк. Өзүм билемдик менен электр жабдууларында иш алып баруу, адам өмүрүнө коркунучтуу» , — деп айтылат маалыматта.