Энергетика министри Таалайбек Ибраев Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид Аль-Фалих менен жолугуп, энергетика тармагында кызматташуу, инвестиция тартуу маселелерин талкуулады.
Кыргызстанда ГЭСтерди куруу жана модернизациялоого, энергетикалык инфраструктураны жаңылоого, газ инфраструктурасын өнүктүрүүгө Сауд Арабиядан инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Сауд Арабиянын Инвестиция министрлиги энергетика министрине бир катар арабиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду. Анда министр Казарман дарыясындагы ГЭС каскады, Суусамыр-Көкөмерен дарыясындагы ГЭСтер каскады, Чаткал ГЭСи, Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтер каскады, Жогорку-Нарын ГЭС каскады тууралуу айтып, алар ишке ашса энергетика тармагындагы көз карандылык жоюларын белгиледи.
Ошондой эле министр “Камбар-Ата-1” ГЭСи, энергиянын кайра жаралуучу булактарындагы потенциал тууралуу айтып берди.
Энергетика министри ушул күндөрү арап өлкөлөрүндө иш сапары менен жүрөт. 29-майда Эр-Рияд шаарында «Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбор Азия» форматындагы инвестициялык форумга катышкан.
10-11-июнда Австриянын Вена шаарында өтө турган энергетикалык форумга барат.