Марал Радиосу

Кыргызстандын ичинде санарип паспорт менен учууга уруксат берилди

Кыргызстандыктар өлкөнүн ичинде санарип паспорттор менен уча алышат. Бул тууралуу «Манас» эл арлык аэропортунан кабарлашты.

Эгер жаран паспортун үйдө унутуп калса, Tunduk тиркемеси аркылуу санарип ID паспортун көрсөтүү менен Кыргызстандын ички каттамдарында учууга болот.