Марал Радиосу

Кыргызстанда жер титиреди

Бүгүн, 31-майда түшкө жуук Бишкекте жер силкингенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Казакстандын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Бишкек шаарынан 50 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Бишкек шаарынын аймагында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.