Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында 9,8 млрд суу бар

Токтогул суу сактагычында 31-майга карата суунун көлөмү 9 млрд 853 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалыматында айтылат.

Учурда суунун агып келиши секундасына 923 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 201 куб метрге жетүүдө.