Марал Радиосу

АКШ: Сот арачылары Трампты күнөөлүү деп табышты

Нью-Йорктогу сот арачылары АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты 2016-жылдагы шайлоонун алдында мурдагы порно актриса Сторми Дэниэлске төлөнгөн сумманы жашыруу максатында иш кагаздарын бурмалаганы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Чет элдик басылмалар Манхэттендеги сот процесси тарыхый болгонун, Трамп кылмыш иши боюнча соттолгон биринчи экс-президент болгонун жазышууда.

Трампка жалпысынан 34 пункт боюнча айып тагылган. Сот арачылары аны бардык эпизоддор боюнча күнөөлүү деп тапты.

Мурдагы президентке өкүмдү сот процессине төрагалык кылган судья Хуан Мерчант чыгарат. Бул 11-июлда болот.

Ушул жумада дээрлик бир жарым айга созулган соттук угуулар аяктады. Иштин чоо-жайын тактоо үчүн сотко экс-президенттин прокурорлору жана адвокаттары суракка алган көптөгөн күбөлөр чакырылган.

28-май күнү сот тараптардын акыркы аргументтерин угуп, 29-майда акыркы көрсөтмөлөр угулган.

Сот залынан чыккандан кийин Дональд Трамп журналисттерге кыска комментарий берди.

«Биз күрөштү улантабыз, акырына чейин күрөшөбүз жана жеңебиз. Биздин өлкөдө абал мурдагыдай эмес, бөлүнгөн башаламандык бар» , — деди Трамп.

Экс-президент дагы АКШнын учурдагы администрациясын өзүн куугунтуктап жатат деп айыптады.

«Бул саясий атаандашына зыян келтирүү максатында Байдендин администрациясы тарабынан жасалган иш «, — деп кошумчалады ал.

Жо Байдендин командасы соттун өкүмүнө комментарий берип жатып, «эч ким мыйзамдан жогору эмес» деп билдирди.

Тергөө Трамп 2016-жылдагы шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн ага адвокаты аркылуу 130 миң доллар бергенин, бирок аны жактоочунун юридикалык кызматы катары каттаганын, Нью-Йорк штатында бул мыйзам бузуу деп эсептелерин билдирген.

2018-жылы Трамптын адвокаты Майкл Коэн бул иш боюнча үч жылга абакка кесилген. Трамп ал кезде мамлекет башчысы болуп тургандыктан ага айып тагылган эмес.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 78 жаштагы Трампка жалпысынан төрт иш козголгон.

Быйыл АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүп келди.