Марал Радиосу

Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

Бүгүн, 31-майда Ахунбаев көчөсү Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылды. Токтоналиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Ошондой эле 2-июндан тарта Байтик Баатыр көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жабылат. Ахунбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Ахунбаев көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматовдон Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо бир нече этап менен жүргүзүлөт.