Марал Радиосу

Өзгөн айланма жолунда эки чоң көпүрө курулууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу менен таанышты.

2024-жылдын январь айында башталган бул жолдун Жазы дарыясындагы 77,25метр жана Кара-Дарыя дарыясындагы 197,45 метрди түзгөн 2 чоң көпүрөнүн курулуш иштери бүтүүдө. Ал эми жалпы узундугу 13,491 чакырым болгон жолдун калган участкаларында да иш активдүү жүргүзүлүп жатат.

Жол куруу ишинде 300 адам жана 92 техника иштеп жатат.