Марал Радиосу

«Ар бир баланын өмүрү коркунучта». Депутат Сузактагы окуяга катуу чара көрүлбөгөнүн сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Сузакта май айында окуучуларды унаа тебелеп кеткен окуядан кийин да балдардын коопсуздугуна көңүл бурулбаганын, өлкөдө ар бир баланын өмүрү коркунучта экенин айтты.

Ал мындай пикирин парламенттин 30-майдагы жыйынында билдирди. Бүгүнкү сессияда «Кыргызстанда окуучулардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтире турган факторлорду азайтуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралууда.

«Ондогон, жүздөгөн токтом токусак да пайда жок. Сузактагы окуядан кийин өкмөттүн деңгээлинде катуу чара көрүлүп, эки министр жоопкерчиликти моюнга алып, тийиштүү жаза көрүлөт деп күткөнмүн. Сузактагы окуя жоопкерчиликсиз, шалаакы мамиленин себеби болду. Өспүрүмдөр менен иштеген инспекция бар эле, азыр ошолордун бар-жогу белгисиз. Кышында бир үйдөн эки бала көлмөдө чөгүп каза болуп калды. Сузактан кийин да катуу реакция болбоду, министрликтер да чара колдонгон жоксуңар. Кыргызстандагы ар бир баланын өмүрү коркунучта» , — деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовдун маалыматына караганда, быйыл төрт айда 17 бала сууга чөгүп каза болду.

Быйыл 2-майда Сузак районунда манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Окуяны иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ жалпысынан 21 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылганын, анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотулганын билдирген.