Марал Радиосу

Айлыгы 20-30 миң: Президент жумуш издегендерди эмгек министрлигине кайрылууга чакырды

Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканын айтты. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына 30-майда жазды.

Ал жумуш издеп жүргөндөрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууну сунуштады.  Эмгек акылардын көлөмү 20-30 миң сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот) болорун айтты.

Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары, ж.б. токтой баштады. Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда. Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20 000-30 000 сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)» , — деди президент.

Садыр Жапаров Бишкекте 18-майдагы тополоңдон кийин кайрылуу кылып, Кыргызстанда 6300дөн ашуун жумуш орду бош турганын айтып, алдыңкы убактарда он миндеген жумуш орду түзүлөрүн кошумчалаган.

Өлкөдө жумушчу күчү жок болгондуктан ишкерлер чет жактан алып келүүгө мажбур болуп жатышканын, эгер азыр алдары ишке албай коюп, жумуш токтосо, экономика токтой турганын айткан.

Ал Бириккен Арап Эмираттарында жергиликтүү калктын саны 1 млн адам, чет жактан баргандар 7 млн адамды түзөрүн мисал келтирип, Кыргызстанда чет жактан келип иштеп жаткан эмгек мигранттарынын саны 5322 адам, чет жактарда жүргөнү миллиондон ашык экенин белгилеген.