Марал Радиосу

УКМК адвокаттык коллегиянын мүчөсүн кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алдамчылык фактысы боюнча “П” аттуу жактоочулар коллегиясынын мүчөсү кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат укук коргоо тутумундагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин алкагында “П” адвокаттар коллегиясынын мүчөсү Э.Д.Т. тарабынан жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүүдө ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.

Жактоочу юридикалык жардам көрсөтүүдө ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жабырлануучудан кылмыш ишин тергеп жаткан укук коргоо органынын кызмат адамдарына жана соттун мыйзамсыз чечимине карата 200 миң АКШ доллардан ашык акча алган.

Ага карабастан жабырлануучу Кылмыш-жаза кодексинин 242-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка күнөөлүү деп табылган. Буга байланыштуу УКМКга кайрылган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жактоочу 5 миң АКШ долларын кайтарып берип жаткан учурда кармалганы маалымдалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал алдамчылык боюнча кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.