Марал Радиосу

Энергетика министри: Кыргызстан инвесторлорго салыктык жеңилдик берүүгө даяр

Кыргызстандын Министрлер кабинети инвесторду салык төлөөдөн жеңилдетүүгө даяр. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында 29-майда өткөн «Булундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кенеши + Борбор Азия» инвестициялык форумунда айтты.

Ибраев Кыргызстандын бардык суу агымдарынын жалпы техникалык потенциалы 142,5 миллиард кВт саатка бааланарын, ошол эле учурда мамлекеттин гидроэнергетикалык потенциалынын 13 % эле өздөштүрүлгөнүн белгиледи.

«Кыргызстанда ар бир инвестор үчүн фискалдык жеңилдиктерди жана преференцияларды берүүгө, ошондой эле инвесторлор үчүн кепилдиктерди берүүгө даярбыз. Тактап айтканда, биргелешкен инвестициялык долбоорлор боюнча Министрлер Кабинети инвесторду салык төлөөдөн жеңилдетүүгө даяр. Кыргызстанда энергетикалык ресурстардын эбегейсиз запастары жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалы бар. Алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык энергия болуп саналат» , — деди министр.

Ибраев Masdar компаниясынын Өнүктүрүү жана инвестиция боюнча менеджери Диас Камалиев, аналитиги Абдалла Аль Марзуки менен жолугуп, «Камбар-Ата-1» ГЭСи боюнча айтып берди.

Ошондой эле тараптар Ысык-Көл облусунда фотоэлектр станциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, электр энергиясын сатып алуу кепилдигин берүү, 200 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо маселесин талкуулады.

2024-жылдын февралында «Масдар» компаниясынын өкүлдөрү министрликтин кызматкерлери менен биргеликте күн электр станциясын куруу үчүн сунушталып жаткан жердин инфраструктурасы менен таанышуу максатында Ысык-Көл облусуна барышкан. Бул иш-чаралардын жыйынтыгы менен кыргыз тарапка тарифтик сунуш даярдоо чечими кабыл алынды.

10-11-июнда Австриянын Вена шаарында энергетикалык форум өтөт.