Марал Радиосу

Салык кызматы ишкердик субъектилер кайсы учурда ККМ колдонуудан бошотуларын айтты

Салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, акчалай эсептешүүлөрдү накталай эмес формада гана жүргүзгөн ишкердик субъектилер контролдук-кассалык машиналарды колдонуудан бошотулат.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Бул ыкма накталай эмес формада гана QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, идентификацияланган электрондук капчыктар, уюлдук тиркемелер жана башка перифериялык түзүлүштөрдү колдонуу менен товар сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен эсептешүүлөрдү жүргүзүп жаткан ишкерлерге таандык. 

Ал эми накталай жана накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алган субъекттер мыйзамдын бул ченемин колдоно алышпайт.