Марал Радиосу

Депутат Ош-Стамбул аба каттамын жандандырууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Ош шаарынан Түркиянын Стамбул шаарына учурда каттап жаткан рейстерди жандандырууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин 30-майдагы жыйынында айтты.

«Азыр бир эле Түркиядан эмес, Европа, АКШдан, Таиландка барып эс алгандар, Индиядан келгендер да Стамбул аркылуу учушат. Орусиянын Батыш менен мамилеси бузулгандан бери Москва, Питер аркылуу келген жолдорду токтотуп коюшкан. Ошол үчүн чет жактан Бишкекке 20 саттай учуп келип, кайра Ошко учушат, анын да баасы кымбат. Ош-Стамбул аба каттамы жанданса Өзбекстандын да жарандары уча баштайт» , — деди депутат.

Ош– Стамбул– Ош түз аба каттамы 2021-жылы ачылган. Ага чейин сегиз жыл каттабай турган.

Каттамды Түркиянын Pegasus авиакомпаниясы жүргүзөт. Учак дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учат.