Марал Радиосу

Ташкент-Ысык-Көл багыты боюнча аба каттамы жанданат

16-июндан тарта Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча аба каттамдары аткарыла баштайт. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан кабарлашты.

Каттамдарды Өзбекстандын Silk Avia авиакомпаниясынын учактары аткарат.

Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу эки саатка созулат. Учуулар жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.

2023-жылдын 5-августунда Silk Avia авиакомпаниясы биринчи жолу 56 жүргүнчү менен техникалык каттам аткарган.