Марал Радиосу

Чукул билдирүү. Түштүк аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт.

28-майда күндүн экинчи жарымында Баткен облусунда тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо, 29-30-майда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусутарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.