Марал Радиосу

Чолпон-Ата шаарында «Санарип — Ысык-Көл» борбору ачылды

Күзөт кызматынын Чолпон-Ата шаардык күзөт бөлүмүндө санариптештирүүнүн алкагында жана туристтик сезондун башталышына байланыштуу «Санарип — Ысык-Көл» борбору ачылды.

ИИМден билдиришкендей, ошондой эле аталган борбор Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Иш-чарада конокторго GPS картасы жана боди-камералары менен жабдылган кармоочу топтордун чалуу кызматынын түз эфири көрсөтүлүп, катышуучулардын диспетчердик бөлмөсүндөгү цифралык байланыштын иштеши тууралуу айтылды.

Долбоордун негизги — максаты корголуучу объекттердин автоматташтырылган маалымат базасын түзүү. Бул маалымат базасы чиймелерди, сүрөттөрдү, жооптуу адамдардын тизмеси жана блоктоочу аймактар боюнча маалыматтарды камтыйт. Мында бир сервердик башкаруу тутумунан электрондук планшеттерине корголуучу объекттен сигналын автоматтык түрдө кабыл алуу маанилүү жагдай болуп саналат.