Марал Радиосу

Бишкекте Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

Бүгүн, 28-майда Байтик Баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталды. Ага ылайык Байтик Баатыр көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.