Марал Радиосу

Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг БАЭде өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Эрлан Шеров Абу-Дабиде өткөн Дүйнө биринчилигинде 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, коло медаль уткан. Мындан тышкары, ал 1000 рейтингдик упай алган.

Учурда кыргызстандык дзюдочу 4818 упайга ээ болуп, 9-орундан 5-орунга көтөрүлдү.

Дзюдо боюнча быйылкы дүйнө чемпионаты Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн. Анда кыргызстандык коло медаль уткан.