Мектептерде мамлекеттик жыйынтыктоочу сынактар 3-июндан 15-июнга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 9-11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация төрт предмет боюнча өткөрүлөт.
9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:
—алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 3-июнда;
-эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 7-июнда;
-кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнда;
-Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 14-июнда.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:
-эне тили жана адабиятынан (эссе) – 3-июнда;
-математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 7-июнда;
-Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 11-июнда;
-кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 14-июнда.