Марал Радиосу

Быйыл кылкандуу дан эгиндери 4,9 миң гектарга көп себилди

2023-жылдын түшүмү үчүн 122,8 миң га жерде себилген күздүк кылкандуу дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен кошумча азыктандыруу жүргүзүлдү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 3,1 миң гектарга көп.

Жер айдоо иштерин Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондору, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондору, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондору биринчи баштаган.

Жер айдоо иштери да өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда алдыда болуп жатканы айтылды. Мисалы, республика боюнча 633,8 миң га жер айдалган, бул өткөн жылга караганда 1,9 миң га көп.

Анын ичинде Чүй облусунда жер айдоо иштери 186,1 миң га, Ош облусунда 99,6%, Баткен, Жалал-Абад облустарында жер айдоо иштери 93,1%-84,6%, Талас облусунда – 90,6 Ысык-Көл облусунда – 100% жана Нарын облусунда – 90,2 аткарылды.

Кылкандуу дан эгиндери республика боюнча 318,6 миң га эгилип, салыштырмалуу 4,9 миң га көп себилди.

Буудай себүү иштери 103,4 миң га түзүп, былтыркы жылдан 1,9 миң га көп эгилди.

Арпа себүү иштери 215,2 миң га жүргүзүлүп, өткөн жылдагыдан 3,0 миң га көп себилди.

Дандык жүгөрүнүн себүү аянты жогору болуп – 107 миң га себилди, былтыркыга караганда 1,9 миң га жогору болду.

Республика боюнча чанактуу өсүмдүктөр учурда 50 миң га себилип, өткөн жылга карата  2,5 миң га аз болду.

Кант кызылча 13,9 миң га аянтка себилип, өткөн жылга караганда 4,9 миң га көп себилди.

17,4 миң га жерге пахта эгилди, бул былтыркыга салыштырмалуу 3,6 миң га аз.

Тамекинин көчөтү 540 га отургузулуп, былтыркы жылдан 50 га көп болду.

Май өсүмдүгү 13,1 миң га себилип, өткөн жылдын деңгелине караганда 4,77  миң га аз.

Картөшкө 67,4 миң га себилип, былтыркыдан 0,1 миң га көп себилди.

Жашылча себүү тапшырма боюнча 55,3 миң га түзсө, анын 46,9 миң га себилди.