Марал Радиосу

Бишкектеги 12-кичирайондо өспүрүмдөрдү сабоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте белгисиз адамдар төрт өспүрүмдү сабап кеткени, окуя 25-майда борбор калаанын 12-кичирайонунда болгону кабарланган.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-майда жабырлануучулардын бири арыз менен кайрылган. Анын сөзү боюнча, аларга алты-жети адам себепсиз кол салып, катуу сабап, жашырынып кетишкен.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция шектүүлөрдүн өздүгүн аныктап, 19 жаштагы эки жигит кармалды. Мушташтын башка катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат.