Connect with us

Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен авто чогултуу заводу ишке кирет

Кыска кабар | 23 Май 2024 | 363 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстан авто унааларды бирге чогулткан завод ачат. Завод тесттик режимде 28-майда ишке кирет. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ишкана Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылында жайгашкан. Заводдо Chevrolet, Daewoo жана Isuzu автомобилдерин чогултуу пландалган.

2023-жылы март айында «Узавтосаноат» менен Кыргызстандын «ДТ техника» жана «НУР» компаниялары ортосунда жеңил авто унааларды чогултуу боюнча кызматташуу келишими түзүлгөн.

Мындан сырткары Кыргызстанда август айында Кытай менен биргеликте электромобилдерди чогултуучу завод ачылышы да күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM