Марал Радиосу

«Манас» аэропортунда бомба бар экени тууралуу маалымат жалган болуп чыкты

«Манас» эл аралык аэропортунда бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок. Эвакуацияланган жүргүнчүлөр жана кызматкерлер киргизилип,  иш штаттык режимде улантылууда.

Аэропортто бомба коюлду деген маалымат саат 13:10дө почтага түшүп, саат 15:00дө аэропортто жарылуу болору кабарланган.  Тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барып, бомба табылган жок.

Буга чейин 16-майда да аба майданда бомба бар экени тууралуу маалымат түшүп, бирок табылган эмес.