Марал Радиосу

УКМК бийликти басып алуу үчүн чагымчыл видеотасма жасалганын аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү жана деструктивдүү саясий күчтөр тарабынан Кыргызстандын аймагында региондор аралык негизде кырдаалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчыл видеотасма даярдалганы тууралуу маалымат алган.

Маалыматка караганда, видеону даярдоого катышкан бардык адамдар аныкталып, учурда алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга, ошондой эле массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган аракеттер үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилиги бар экенин эскертти.

Exit mobile version