Марал Радиосу

Нарын дарыясына түшүп кеткен эки кыз изделүүдө

Нарын дарыясына түшүп кеткен эки кызды издөө иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине 11 куткаруучу, 10 милиция кызматкери тартылды.

Эске салксак 12-майда саат 11:00 чамасында Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинен 5 жашар кыздын жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Ошондой эле 14-майда саат 12:10 чамасында Нарын шаарында Нарын дарыясына 4 жашар кыз түшүп кеткендиги тууралуу кабар тараган.

Учурда эки кызды издөө иштери уланууда.