Кыргызстанда жаратылышты антропогендик таасирден сактоо максатында экологиялык туризмди өнүктүрүү пландалууда. Борбор Азия боюнча Кыргызстанда биринчи жолу биоартүрдүүлүктү камтыган сайт иштелип чыкты. Өлкөнүн 32 негизги биоартүрдүүлүк аймагынын, жаратылыштын кооз жерлеринин жыйнагы иштелип чыкты. Фото жана видеомаалыматтар веб-сайтта жайгаштырылган. Бул сайтта калктын жана туристтик кампаниялардын маалыматтар базасына эркин кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Фото жана видеолорду ар бир жаран көчүрүп алып, керектүү максатта колдонсо болот.
Бүгүн Бишкекте Биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнүнө карата жыйын өттү. Биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнүнүн негизги милдети – жер бетиндеги көптөгөн флора жана фауна өкүлдөрүнүн орду толгус жок болуп кетүү көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.
Жаратылыш министрлигине караштуу Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Азат Осмонов өлкөдө жаратылышты антропогендик таасирден сактоо максатында экологиялык туризмди өнүктүрүү пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө өзгөчө корголуучу 10 аймак жана 13 жаратылыш паркы бар. Былтыр Баткен облусунда 8160 гектарды ээлеген «Мадыген» жаратылыш эстелиги ачылды. Мындай алгылыктуу иштер аркылуу өзгөчө коргоолуучу аймактардын аянтын көбөйтүү пландары турат.
«Азыр Кыргызстанда өзгөчө көргоолуучу аймактардын аянты 7,5 %ды түзөт. Келечекте бул көрсөткүчтү 10%га жеткирүүнү көздөп жатабыз. Башка өлкөлөргө бул аянттар алда канча көп. Азыркы учурда жаратылыштын жана климаттын өзгөрүүсү экономика менен тыгыз байланышта. Мындан улам экологияны коргоо үчүн экономикага өзгөчө маани берүү шарт. Өлкөдөгү жаңы экологиялык маршруттардын арты менен туристтер жаратылыштын уникалдуу жерлерин көрүп, зыян келтирбей экономикага салым кошо алат».
Борбор Азия боюнча Кыргызстанда биринчи жолу биоартүрдүүлүктү камтыган map.kg сайты иштелип чыкты. Долбоорду демилгечилер, фотожурналисттер жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча эксперттер иштеп чыкты.
Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Азамат Кенжебаевдин айтымында, бүгүнкү күндө адамдын жаратылышка тийгизген таасири актуалдуу бойдон калууда. Буга байланыштуу Кыргызстан биоартүрдүүлүктү сактоо жаатындагы саясатын улантып келе жатат.
«8 миллиарддан ашкан адам жашаган жер шарында глобалдашкан маселелер көңүл чордонунда болууда. Кыргызстан биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча иштерди 1992-жылдан бери жүргүзүп келет. Азыр да бул багытта өлкөнүн саясаты улантылууда. Өзгөчө корголуучу аймактардагы бир өсүмдүк жоголсо, чынжырчадай сымал башка өсүмдүктөргө таасир этип, алардын да жоголуусуна коркунуч жаралат. Мындан улам ар бир жаран жаратылышка аяр мамиле жасоо керектигин, таштанды ыргытпай, тазалыкты сактоо маанилүү экендигин эстен чыгарбашы керек».
Мына ушундай учурда Кыргызстандын 32 негизги биоартүрдүүлүк аймагынын, жаратылыштын кооз жерлеринин жыйнагы иштелип чыкты. Фото жана видеомаалыматтар map.kg веб-сайтына жайгаштырылган.
Бул сайтта калктын жана туристтик кампаниялардын маалыматтар базасына эркин кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Фото жана видеолорду ар бир жаран көчүрүп алып, керектүү максатта колдонсо болот. Бул сайт Борбор Азия боюнча биринчилерден болуп Кыргызстанда ачылды. Алдыда сайттагы маалыматтарды дагы да кеңейтүү пландалууда.
Фотожурналисттер союзунун мүчөсү Гамал Сооронкулов map.kg сайты бул экологиялык карта экенин белгиледи. Анда Кыргызстандын көз суктанткан уникалдуу жаратылышы, биоартүрдүүлүктүн жаңы аймактары көрсөтүлдү.
«Азыр сайттагы маалыматтар орус тилинде жеткиликтүү. Биздин команда тажрыйбалуу адистер жана демилгечилер менен биргеликте маалыматтарды кыргыз жана англис тилдерине которуп баштайбыз. Бул аракетибиздин бир четинен Кыргызстандагы экотуризмдин өнүгүүсүнө жол ачып жатат».
Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 22-майды биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнү деп белгилеген. Өз кезегинде Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун улук илимий кызматкери, биологиялык ар түрдүүлүк боюнча эксперт Дмитрий Милько биартүрдүүлүктү сактоодо жер шаарындагы калктын салымы маанилүү экендигин айтты. Ал эми Борбордук Азиядагы биоартүрдүүлүктүн очокторун сактоо боюнча программанын координатору Михаил Яковлев жаңы жүзөгө ашкан программа дал ушул биоартүрдүүлүктү коргоодо багытталгандыгына токтолду.