Марал Радиосу

Бейшеналиев чет элдик студенттердин коопсуздугу камсыз кылынарын айтты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет өлкөлүк студенттери менен жолугушууда чет элдик студенттердин коопсуздугу камсыз кылынарын айтты.

Министр кыргыз өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин белгиледи.

Алымкадыр Бейшеналиев студенттерди кырдаал көзөмөлдө экенине, алардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жок экенине ишендирди. Ошондой эле чет элдик студенттердин Кыргызстанда билим алуу процессин улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, медициналык билим берүү тармагында жалпы максаттарга жетүү үчүн ЖОЖдор менен студенттердин кызматташуусуна ишеним билдирди.

Бишкекте 13-майда жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан. 18-майга караган түнү Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүндө массалык башаламандык болгон. Бул окуядан жабыркаган 140 студент жана 40 чакты эмгек мигранты атайын рейс менен Пакистанга учуп кеткен.